Баткен/19-ноябрь
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 600 кВт, анын 1-агрегаты толук ишке кирди (200 кВт).
Курулушка жеке ишкер 8 млн сом инвестиция салган, кошумча 8 млн сом Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя берилген. ГЭСтин ишке кириши аймактагы электр энергиясына болгон муктаждыкты жеңилдетет жана 10 адамга жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн түзөт.




