Баткен/19-ноябрь
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2025-жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБ билдирди. Кеңешмеге ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери онлайн катышты.
А.Козукеев жол кырсыктары көп катталган аймактарды сынга алып, айдоочуларга практикалык жардам көрсөтүүнү жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Санариптик кызматтарды колдонуу жана кызматтык тартипти бекемдөө да баса белгиленди.
2025-жылдын башынан бери ЖКККББ 996 753 жол эрежесин бузуу фактын аныктап, 139 557 автоунааны убактылуу токтоткон.






