Сүлүктүдө мектептин базасында айдоочулук курс ачылды

12-ноябрда Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинде заманбап автоайдоочулук курс ачылды. Бул тууралу Шахтёр Жолу гезити жазды. Маалым болгондой иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышып, окуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жаңы курс заманбап талаптарга ылайык жабдылып, окуучулар үчүн автотренажёрлор залы, жол кыймылынын эрежелери классы, техникалык тейлөө жана компьютердик класстар уюштурулган.
Сүлүктү шаардык мэриясы бул демилгени колдоого алып, унаа токтотуучу жай жана лаборатория куруу үчүн 348 765 сом, ал эми практикалык сабактар үчүн автоунаа сатып алууга 290 000 сом бөлдү. Мындан тышкары, жеке демөөрчүлөр тарабынан 90 000 сомдук жабдуулар берилди.
Мектеп 2025-жылдын 12-майында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен автоайдоочулук курс өткөрүүгө лицензия алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *