Баткенде шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилүүдө

Баткен/12-ноябрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата, Баткен облусунун аймагындагы шайлоо участкаларынын даярдыктары текшерилүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билидирди.
Маалым болгондой КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Кадамжай районунун аймагында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басаы Жаныбек Исаков Лейлек районунун аймагында,ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Алтынбек Сейитказиев Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын даярдыктарын текшеришти.

 

Жетекчилер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, шайлоо участкаларынын электр энергиясы, жылуулук жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырышты.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 220 шайлоо участкасы бар.Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 354862 жаранды түзөт. Учурда бардык шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмелери илинип, идентификациядан өткөрүүчү жабдуулар жеткирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *