Эми жарандар “Түндүк” порталы же анын мобилдик тиркемеси аркылуу “Унаа” жана “Кадастр” кызматтарына онлайн түрдө кезекке жазыла алышат.

Жаңы мүмкүнчүлүктүн жардамы менен колдонуучулар ар бир борбордо канча киши кезекте турганын реалдуу убакытта көрө алышат. Ошентип, адам аз болгон борборду тандап, убакытты үнөмдөөгө болот.
Мындан тышкары, система аркылуу канча талон алдын ала брондолгону да көрсөтүлөт. Бул маалыматтар кызмат көрсөтүүнү ачык жана ыңгайлуу кылат.
Буга чейин “Түндүк” тиркемесинде калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) гана онлайн кезекке жазылуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Эми бул кызматтардын катарына “Унаа” жана “Кадастр” да кошулду.