7-ноябрь, Ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, кызматкерлер жана аксакал ата апалар катышты.
Иш чара мамлекеттин түптөлүүсүнө салым кошкон, Баткенден чыккан улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбар коюу менен башталып, өткөн муундардын эл үчүн кылган эбегейсиз эмгеги эскерилди.

Сөзгө чыккан жетекчилер сөзүндө, ата-бабаларыбыздын кайратмандыгы, акылмандыгы жана мекенге болгон сүйүүсү ар бир кыргыздын жүрөгүндө түбөлүк сакталаары, алардын эрдиги менен биз бүгүн эркин мамлекетте жашап, өнүгүүгө багыт алып баратканыбыз белгиленди.
Иш чарада ата бабалардын арбайына багышталып куран окулуп, бата кылынды.




