8-ноябрь/ Баткен/
Баткен шаарынын мэри болуп дайындалган, Кулубаев Сейтек Долотбековичти,бүгүн 7-ноябрда жамаатына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырып, жооптуу ишине ийгилик каалады.
Буга чейин маалым болгондой, С.Кулубаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кулубаев Сейтек Долотбекович, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды.



