Президент Садыр Жапаров 5-ноябрда Мисир Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында Каир шаарында Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси менен кеңейтилген форматта сүйлөшүү өткөрдү.
Тараптар саясий, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров Каирде Кыргызстандын Элчилиги ачыларын жана Өкмөттөр аралык комиссия түзүлөрүн билдирди.
Мисир Президенти бул демилгелерди колдоп, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи. Садыр Жапаров Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келип, 2026-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине катышууга чакырды.

