Баткен/ 04.11.25/ Баткен таңы
Баткенде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча штабдын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Отурумга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйын учурунда облус боюнча 220 шайлоо участогундагы даярдык абалы каралып, шайлоо күнү иштердин үзгүлтүксүз жана уюшкандыкта өтүшү камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
Бактыбек Токсонбаев шайлоо өткөрүүнү мамлекеттик маанидеги милдет катары баалап, бардык жетекчилерден жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылды. Ал ошондой эле техникалык жабдууларды 10-ноябрга чейин толук даяр абалга келтирүүнү, коопсуздукту, жарыктандырууну, жылуулук, байланыш жана интернет тармактарын текшерүүнү тапшырды.




