Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 2-ноябрда Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин расмий түрдө баштап берди. Иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү жана айыл чарба кызматкерлери катышты.
Маалым болгондой, кызыл-кыштак аймактык башкармалыгынын карамагындагы үлүш жерлерге күздүк буудайдын үрөнү себилүүдө. Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы 100 гектар жер айдалып, жалпы 200 гектарга чейин буудай себүү пландалууда.
Мэриянын маалыматына караганда, бул иш-чара шаар тургундарын азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртуу жана айыл чарба багытындагы өндүрүштү кеңейтүү максатында жүргүзүлүүдө. Келечекте үрөн себүү аянтын көбөйтүү пландалган.








