Кызыл-Кыяда Элдик Курултайдын делегаттары шайланды

Баткен/ 01.11.25/ Баткен таңы
Бүгүн, 1-ноябрда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой жыйынга 112 жаран катышып, талкууда 19 сунуш айтылды. Алардын ичинен 3 негизги маселе Курултайда колдоо табуу үчүн тандалды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардыктан 3 делегат шайланып, декабрда Бишкекте өтө турган Элдик Курултайга катыша турган болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *