Баткен/ 01.11.25/ Баткен таңы
Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Түндүкэлектро» ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чектөө эртең мененки жана кечки убактарда – керектөө эң жогору болгон маалда киргизилүүдө. Анда электр энергиясынын кубаттуулугу 5 кВттан 3 кВтка чейин түшүрүлөт.
Компания мындай кадам жалпы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында жасалып жатканын билдирди.
> «3 кВт кубаттуулук үйдө жарык берүүчү лампаларды, телевизор, компьютер жана электр чайнигин иштетүүгө жетиштүү. Бул — ар бир абоненттин жарыгы үзүлбөй турушу үчүн көрүлүп жаткан чара», — деп айтылат маалыматта.