Баткен, 31.10.25. /Баткен таңы/.
Баткен облусунда 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата штабдык жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана шайлоону өткөрүү боюнча облустук штабдын мүчөлөрү катышты.
Жыйында шайлоону жогорку деңгээлде жана уюшкандыкта өткөрүү, шайлоо участокторунда кемчиликтерге жол бербөө, ошондой эле бардык уюштуруу иштерин көзөмөлгө алуу маселелери талкууланды.
Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов белгилегендей, буга чейин облуста үч ирет тесттик шайлоо өткөрүлүп, анда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу паспорт маалыматтарын кабыл алууда айрым техникалык мүчүлүштүктөр орун алган.
Бул кемчиликтерди кайталоого жол бербөө үчүн тиешелүү мекемелерге 30-ноябрга чейин даярдык иштерин толук бүтүрүү жана бардык маселелерди көзөмөлгө алуу тапшырылды.




