
Кадамжай районунун Сырт айылында заманбап шарттары бар жаңы “Чабалекей-Сырт” бала бакчасы ишке берилди. 130 орунга ылайыкташкан бул тарбия мекемесинин ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Буга чейин эски мектептин имараты болгон бул объект толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап бала бакчага айландырылды. Мекеме Сырт, Ынтымак жана Жаңы Сырт айылдарындагы балдарды кабыл алат.
Жаңы бала бакчада 7 тарбиячы эмгектенет. Ички бөлмөлөр толук жабдылып, жылуулук системасы, ашкана, уктоочу жана оюн бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык курулган.
Объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө иштери ашар жолу менен жүргүзүлүп, демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар активдүү катышкан. Мындан тышкары, айыл өкмөтү 650 миң сом, ал эми райондук жана облустук өнүктүрүү фонддору кошумча каражат бөлүшүп, жалпы долбоордун наркы 12 миллион сомду түздү.
Буга чейин Сырт айылынын тургундары балдарын мектепке чейинки тарбия алуу үчүн кошуна айылдарга же Айдаркен шаарына алып барып жүрүшкөн. Эми жаңы бала бакчанын ачылышы менен бул көйгөй чечилип, учурда 120 бала кабыл алынган.
Бул иш-чара — аймактагы мектепке чейинки билим берүү инфраструктурасын жакшыртуудагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
