Азамат Эргешов Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 29-октябрда Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин буйругунун негизинде Эргешов Азамат Жолбаевич Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой район акими жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын жамаатка тааныштырып, анын ишине ийгилик каалады. Өз кезегинде А. Эргешов көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн жигердүү иш алып барарын белгиледи.
Азамат Эргешов 1988-жылы 23-апрелде Ош облусунун Баткен районунун Согмент айылында төрөлгөн. Билими жогорку, үй-бүлөлүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *