ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 115 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Раззаков шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалым болгондой иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Коноктор алды менен Исхак Раззаковдун музейинде улуу инсандын өмүр жана эмгек жолун көрүп, анын колдонгон буюмдары, архивдик документтери, сүрөттөрү жана сыйлыктары менен таанышышты.

Иш-чарада мамлекеттик ишмердин айкелине гүл чамбар коюлуп, арбагына куран окулду. Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери залкар инсандын өмүр жолу жана элге сиңирген эмгегине арналган сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов Исхак Раззаковду Кыргызстанды кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи катары мүнөздөп, өлкөнү социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык жана маданий жактан алдыга жылдырган өзгөчө инсан экенин белгиледи.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында шаар борборунда Түндүк жана Илегилек кушунун элеси түшүрүлгөн айлампа мунарасынын ачылышы болду. Мунаранын бийиктиги 20 метрди түзүп, долбоордук баасы 4 миллион сомду түзгөн. Жарыктандыруу орнотулган мунара шаар кире беришине курулуп, тынчтык, биримдик жана эл ичиндеги ынтымактын символу катары кабыл алынат.

Мамлекеттик кызматта өзгөчө айырмаланган бир катар жетекчилер жана кызматкерлер Мамлекеттик кадр кызматынын “Отличник” медалы, ошондой эле Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган юбилейлик медалдар менен сыйланышты.

Бул эскерүү иш-чара залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин жана эл үчүн калтырган мурасын кийинки муундарга үлгү катары жеткирүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *