Токмок шаарында өзүн элдик табып катары тааныштырган аял алдамчылыкка шектелип кармалды.
Социалдык тармактарда блогерлердин бири билдиргендей, М.Э. аттуу аял “кыргызчылык ыкмалар менен дарылайм” деп элдин ишенимине кирип, андан соң айрым жарандарга кредит алдырган.
Милициянын маалыматына караганда, териштирүү жүрүп жаткан учурда Токмок шаарынын дагы бир тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылы ошол аялга ишенип 1,5 миллион сом бергенин билдирген. Мындан тышкары, шектүүнүн үстүнөн дагы эки окшош арыз түшкөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция бул аялдан жабыркагандар болсо, укук коргоо органдарына кайрылып коюуну суранууда.