Раззаков шаары өзүнүн көркүнө көрк кошкон жаңы айлампа курулду. Бул кооз айлампа улуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 115 жылдык мааракесине карата курулуп, эртең салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилет.
Жаңы айлампа шаар тургундарынын жана конокторунун көңүлүн өзүнө бурган заманбап долбоор катары бааланууда. Айлампанын аймагында кооз стелла, эс алуу бактары жана жаңыланган асфальт жолдор да курулуп, Раззаков шаарынын көрүнүшүн түп-тамырынан өзгөрттү.

Айлампанын расмий ачылыш аземи Өкүл Айбек Шаменовдун, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун катышуусунда өтөт.
Долбоордун демилгечиси — Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаев жана анын жамааты. Алар эл үчүн тынымсыз эмгектенип, өз каражаттарынын эсебинен 20 метр бийиктикке жеткен кооз мунарага «Түндүк менен Илек-илек» кушунун элесин орнотушкан. Бул стелла тынчтыкты жана ынтымакты символдойт.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда вице-мэр Анвар Раззакбердиев жана Лейлек районунун кыркка жакын жарандары демөөрчүлүк көрсөтүшкөн.
Шаардыктар мындай кооз курулуш үчүн мэрияга ыраазычылыгын билдирип, «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деген сөздүн жандуу мисалы катары баалашууда.






