КАДАМЖАЙДА АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫП КЕЛИНГЕН 6-7 ТОННА КҮРҮЧ КАРМАЛДЫ

Кадамжай районунда аткезчилик жолу менен Кыргызстанга алып келинген болжол менен 6-7 тонна күрүч кармалды.
УКМКнын маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай каттамы аркылуу ар кандай керектөө товарларын мыйзамсыз ташып келишкен.
Маалыматта айтылгандай, «коңушу мамлекеттин жарандары Өзбекстанда көп өлчөмдө күрүч сатып алышып, алдын ала пландаштырылган кылмыштуу схема боюнча товарлар Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу Чоң-Кара анклавына жеткирилген. Андан кийин товарлар мыйзамсыз чыгарылып, Кыргызстандын Ак-Турпак айылынын аймагына түшүрүлгөн. Натыйжада күрүч Кыргыз Республикасында сатылган».
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Өзбекстандан Кыргызстанга алып келинген 6-7 тонна күрүчтүн партиясы кармалганы маалым болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *