ЖАҢЫ ДОСТУККА ТУРГУНДАР КӨЧҮП КЕЛЕ БАШТАШТЫ

Жаңы Достук айылына Достук айылынан тургундары көчүп келе башташты. Кыргыз тажик чек араларын такталгандан кийин, Тажикстанга өткөн мурдагы Бай-Кара-Бак, кийин, Достук болуп өзгөргөн айылдын тургундары заманбап, бардык шарттары бар мамлекеттин каржылоосу менен курулган Жаңы Достук шаарына 1-ноябрга чейин көчүрүлөөрү маалымдалган болчу.
Көчүрүү иштерин жеңилдетүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары тартылууда. Жеринде көчүрүү иштерин көзөмөлдөп, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөткөн аким Данир Иманалиевдин маалыматына таянсак, жаңы конушка келе баштаган жарандар үчүн жаңы конушта бардык шарттар каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *