Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү бардык жалпы билим берүүчү мектептерде 2025–2026-окуу жылындагы биринчи чейрек 4-ноябрда жыйынтыкталат.
Окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин белгиленди.
Кийинки, экинчи чейрек 10-ноябрдан тарта кадимки тартипте башталат.
