Эртең саат 14:00дө Баткен областык Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын эмгек жамааты тарабынан «Өксүгү күчтүү өмүр» аттуу спектаклдин бет ачары болот. КРдин Эл артисти Замир Сооронбаев койгон бул спектакль көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт. Театр жаш болсо да, эмгек жамааттын жаш искусство чеберлери Эл аралык сыйлыктарга татыктуу болуп, акыркы мезгилдерде коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда.
Спектакль жогорку чеберчилик менен коюлган. Жан дүйнөнү тазартып, руханий дүйнөңүзгө азык алам десеңиз, эртең, 22.10.2025 саат 14:00дө өтө турган спектакльди көрүүгө чакырабыз!