Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жайдын өсүшү боюнча лидер болду

Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жайдын өсүшү боюнча лидер болду


3

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү көрсөткүчтөрү боюнча жарыяланган маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ боюнча өнөр жай өндүрүшү 0,3%га өскөн. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 8,8%ды, Арменияда 7,4%ды түзгөн. Биримдиктин башка өлкөлөрүндө өсүү темпи кыйла төмөн болгон.

Эксперттердин белгилешинче, бул көрүнүштү тең салмаксыздык катары кароого болбойт. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы акырындап жакындашып, мурда өнөр жай кубаттуулугу жетишсиз болгон аймактарда жаңы завод-фабрикалар ишке киргизилүүдө. Алардын айрымдары кошумча нарк түзүүнүн жалпы өндүрүштүк чынжырларына кошулууда.

Ошондой эле Евразия мейкиндигинде технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ, заманбап ишканаларды жана жалпы өндүрүштүк чынжырларды бириктирген өнөктөштүк калыптанып жатканы белгиленет. Келечекте өндүрүлгөн продукциянын көлөмү дагы көбөйөрү күтүлүүдө.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *