Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөнүн жарандары сатып алды

Шакиранын концертине билеттерди 22 өлкөнүн жарандары сатып алды


16

Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Бишкектеги концертине билеттер сатууга чыккандан кийинки биринчи күндө 13 миңден ашуун билет сатылды.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, билетти дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн сатып алышууда.

«Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында Казакстан, Россия жана Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылууда», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев эл аралык иш-чаралар туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, чет өлкөлүк конокторду тартарын жана жергиликтүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *