Бишкекте 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкекте 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады


15

Бишкектеги Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Мектеп өлкө бюджеттин эсебинен курулуп, курулуш иштери ушул жылдын март айында башталган.

Заманбап үлгүдөгү билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары бар.

Учурда мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *