Ала-Букада 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ала-Букада 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди


16

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында Чыңгыз Айтматов атындагы 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин жалпы аянты 1 миң 236 чарчы метр. Эки кабаттуу имаратта окуу кабинеттеринен тышкары компьютердик класстар, жыйындар жана спорт залдары, ашкана бар. Ошондой эле мектептин аймагында волейбол ойноого ылайыкталган спорт аянтчасы курулган.

Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Мектеп өлкө боюнча Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирет.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *