Бир күндө Ысык-Көлдөн 3300 метр тор чыгарылды

Бир күндө Ысык-Көлдөн 3300 метр тор чыгарылды


19

Күн мурун Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги экологиялык рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, рейддин жүрүшүндө суудан 3 299 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, 70 кг таштанды чогултулду.

Министрлик браконьерликтин алдын алуу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *