Көлдө 10 чакырымдан ашык алыстап кеткен үч бала 6 сааттан кийин аман-эсен табылды

Көлдө 10 чакырымдан ашык алыстап кеткен үч бала 6 сааттан кийин аман-эсен табылды


0

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында катуу шамалдан улам жээктен 10 чакырымдан ашык алыстап кеткен үч бала 6 саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

22-августта саат 18:00 чамасында милицияга үч бала үйлөмө кайык (байдарка) менен Ысык-Көлгө чыгып, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам катуу шамалга жана бийик толкундарга туш болуп, жээктен кыйла алыстап кеткендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Маалымат түшөрү менен Ысык-Көл милициясы тарабынан балдарды издөө жана куткаруу иштери дароо уюштурулган.

Алты саатка созулган ыкчам издөө иштеринин натыйжасында үч бала жээктен 10 чакырымдан ашык алыстыктан табылып, аман-эсен куткарылды. Балдар жээкке жеткирилип, учурда алардын абалы жакшы, ден соолугуна коркунуч жок.

Ысык-Көл милициясы жарандарды аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, катуу шамал жана толкун учурунда көлгө чыкпоого, балдарды кароосуз калтырбоого жана суудагы коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Коопсуздук эрежелерин сактоо — адам өмүрүн сактоонун эң маанилүү шарты!

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *