Өзбекстандан келаткан 24,9 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан келаткан 24,9 тонна пияз артка кайтарылды


29

“Кең-Сай автожолу” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Өзбекстандан келген пияз артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда импорттолуп келе жаткан 24,9 тонна пияз продукциясынын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталды.

Мыйзам талаптарына ылайык жүктү өлкө аймагына киргизүүгө уруксат берилбей, экспорттоочу тарапка кайра кайтарылды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *