Автокран кулап, компанияга 200 миң сом айып салынды

Автокран кулап, компанияга 200 миң сом айып салынды


27

Бишкектеги Арстанбек Дүйшеев көчөсүндөгү курулушта автокрандын кулашына байланыштуу «Нурзаман» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык коопсуздук талаптары сакталбагандыктан болгон. Окуядан жабыркагандар жок, бирок бир жеңил унаага зыян келтирилген.

Мындан тышкары, прораб менен кран башкаруучу сертификатынан ажыратылып, мамлекеттик көзөмөл жүргүзгөн жооптуу адис кызматынан бошотулду.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *