Нарын коругунда фотокапканга ак илбирстин видеосу түшүп калды
26
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында орнотулган фотокапканга ак илбирстин сүрөттөрү жана кызыктуу видеосу түшүп калды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, фотокапкан 2025-жылы орнотулган.
Белгиленгендей, Нарын коругунда ак илбирстен тышкары сүлөөсүн, Тянь-Шань күрөң аюусу, аркар-кулжа, бугу-марал жана Кызыл китепке кирген бир катар сейрек кездешүүчү канаттуулар да байырлайт.