Ак-Суу капчыгайында заманбап курорттук комплекс курулат
20
Москва районунун Ак-Суу капчыгайында 200 орундуу көп функционалдуу курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Жаңы тоо курорту деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашып, бир убакта 200 конокту кабыл алууга ылайыкташат.