Чек ара кызматынын аскер адамына карата кылмыш иши козголду

Чек ара кызматынын аскер адамына карата кылмыш иши козголду


21

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Үч-Котон» аймагында инженердик иштерди аткарып жаткан учурда эки аскер кызматкеринин ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен бир жоокер оор жаракат алды.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2051-аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги сержанты жеке пикир келишпестиктен улам 2057-аскер бөлүгүнүн ефрейторун бетке уруп, анын сол жаагын сындырган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү сержант кармалып, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу учурунда мыйзам талаптарынын одоно бузулушу боюнча дагы өзүнчө кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *