Россиядан алып келинген 3 марал Бишкек-Ош жолуна чыгып кеткен
1
Муну көргөн чабандар тиешелүү органдарга кабарлашкан. Жаратылыш министрлиги жаныбарлар Таластын “Беш-Таш” паркынан өз алдынча чыгып кетишкенин маалымдады. Алар жакында кайра өз ареалына кайтарылары белгиленди.
Мекеме аталган жаныбарлар Кызыл китепке киргизилгенин, аларга зыян кылгандарга 1,5 млн сом айып салынарын эскерткен.
