Садыр Жапаров жана Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты


15

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын Президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.

Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *