Кызыл-Кыядагы бейтапканада заманбап диагностика арзан баада жеткиликтүү болот
28
Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борбору (бейтапкана) өзүнүн каржылык каражатына жаңы компьютердик томография (КТ) аппаратын сатып алды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бул-Баткендеги мамлекеттик ооруканалар өз акчасына сатып алган мындай деңгээлдеги эң алгачкы жогорку технологиялык жабдык болуп саналат. Буга чейин КТ-аппараты Кадамжайда гана жеке ишкерлер менен биргеликте орнотулган болчу.
