Германияда 24 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду

Германияда 24 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду


23

1-июнда Германиянын Боден көлүнөн 24 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Германиядагы элчилик окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү органдар менен иш алып барууда.

Ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта экени айтылды.

Учурда сөөктү мекенине алып келүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатат.

Немец ЖМКлары кыз паромдон кулап кеткенин жазышууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *