Соң-Көлгө тор салып, мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Соң-Көлгө тор салып, мыйзамсыз балык уулагандар кармалды


19

Соң-Көлдөн үйлөмө кайык менен балык уулап жаткан жеринен Ак-Талаа районунун 4 тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-өл облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, алар жалпысынан 198 даана балык кармашкан. Ошондой эле балык уулоого 20 тор колдонушкан.

 Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 21-майда Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен мыйзамсыз балык уулаган Нарын облусунун  жашоочулары кармалды. Текшерүү учурунда алардан 198 даана сига лудога балыгы, 20 синтетикалык тор, 2 үйлөтмө кайык жана калактар, рация жана башка тиешелүү шаймандар табылган.

Учурда соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалып, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *