Адис: ЖРТга катталууга жетишпей калгандар эмне кылышы керек?
13
Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга жетишпей калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкери Азем Жээнбекова “Биринчи радиодо” билдирди.
Анын айтымында, 17-18-19-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү күндөрү болуп эсептелет.
“Ал эми 20-май күн 2-этапка кошумча каттоо күнү болсо, 21-22-23-май тест күндөрү болуп саналат. Тестке кирүү үчүн окуучулардын жанында сөзсүз паспорттун түп нускасы, тестке кирүү талону жана көк сыялуу калем сап керектелет. Эгер кандайдыр бир себептерден улам, 17-майдан 23-майга чейин тестке катыша албай калгандар үчүн июнь айында 3-этап болот. Ошондо кайра катталып, тестке катышса болот”,- деди адис.