Талас дарыясына агып кеткен жарандын сөөгү табылды

Талас дарыясына агып кеткен жарандын сөөгү табылды


2

Талас дарыясына агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин Талас облусундагы өкүлү билдирди.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 14-май күнү Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кайрылуу түшкөн.

Талас районунун Көк-Токой айыл аймагына караштуу Ак-Дөбө жайытында фермердин малчысы болуп иштеген, 1990-жылы төрөлгөн Ж.у.А аттуу жаран 11-май күнү кечки саат 22:00дөр чамасында жолугушууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Аталган жарандын Талас дарыясына түшүп кетиши мүмкүн деген маалымат 14-май күнү түшүп, ошол күндөн тарта Талас шаардык өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн куткаруучулар тарабынан үзгүлтүксүз издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери, милиция өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн, 17-май күнү, дайынсыз болгон жарандын сөөгү Талас дарыясынын жээгинен табылып, тиешелүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *