Жыл башынан бери жалпы 46 300 метр эски синтетикалык тор чыгарылды

Жыл башынан бери жалпы 46 300 метр эски синтетикалык тор чыгарылды


14

Кыргызстандын көлдөрү менен суу сактагычтарында экологиялык рейддер уланууда. 1–10-май аралыгында өлкө боюнча 125 рейд өткөрүлүп, 137 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан 9 миң метрге жакын мыйзамсыз тор жана 300 кг таштанды чыгарылды.

Жыл башынан бери суу түбүнөн 46 миң метрден ашык синтетикалык тор жана 1 тоннадан ашык таштанды тазаланып, мыйзамсыз балык уулоого каршы 416 миң сомдон ашык айып пул салынды.

Иш-чаралар президенттин мыйзамсыз балык уулоого жана синтетикалык торлорго тыюу салган жарлыктарын аткаруу алкагында жүргүзүлүүдө.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *