Алматыдан келген делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды

Алматыдан келген делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды


2

Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды.

Курамында экология, инвестиция жана ишкердик тармагындагы өкүлдөр болгон делегация заводдун өндүрүшү, калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү боюнча технологиялар менен таанышты.

Экскурсияны Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев өткөрүп, экологиялык коопсуздук жана катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча колдонулуп жаткан чечимдер тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууда экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *