Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар
30
Бүгүн, 11-майга карата ашууларда абал туруктуу. Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолго кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 см жетти. Долон жана Кубакы ашууларында да кар жаап, жолдорду тазалоо, кум жана туз себүү иштери өз убагында аткарылууда.
Ушу тапта бардык ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына эч кандай чектөө киргизилген жок.