Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 200дөй спортчу күч сынашты

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 200дөй спортчу күч сынашты


24

Советтер Союзунун Баатыры И. В. Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча 65-эл аралык турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

6–7-май күндөрү өткөн бул мелдеште Кыргызстан жана Казакстандан келген 194 спортчу килем үстүндө күч сынашты. Мында балбандар 55 кг салмактан баштап, оор салмактагы категорияларга чейин чеберчиликтерин көрсөтүп, байгелүү орундар үчүн таймаштарды өткөрүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *