Жанар Акаев 106 жаранга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды

Жанар Акаев 106 жаранга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды


15

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктап, батир ээлерине ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Шаар мэри өз сөзүндө көп кабаттуу турак жай ээлерин куттуктап, жарандарды муниципалдык ипотекалык ишканадан батир алууга чакырды. Ошондой эле курулуш иштери мэриянын түз көзөмөлүндө жүргүзүлүп, сапаты жана ачыктыгы камсыздалып жатканын белгиледи.

Набережная көчөсү №3 дарегиндеги 9 кабаттуу үй 106 батирден турат. Долбоор мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып, жарандардын каражаттары келишимдин негизинде курулушка багытталган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *