Кыргызстандыктар жаңы айдоочулук күбөлүктү Түркияда 6 ай пайдалана алышат

Кыргызстандыктар жаңы айдоочулук күбөлүктү Түркияда 6 ай пайдалана алышат


33

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүктөрүн колдонуу тартиби жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстандын жарандары Түркияга кирген күндөн тартып 6 ай улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонууга укуктуу. Аталган мөөнөт паспорттогу штамп менен эсептелет.

Бул эреже туристтерге да, жашоого уруксаты бар адамдарга да тиешелүү.

Латын тамгалары менен жазылбаган күбөлүктү колдонууда эл аралык айдоочулук күбөлүктүн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормонун болушу талап кылынышы мүмкүн.

6 ай аяктагандан кийин чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктү колдонууга жол берилбейт. Мындай учурда документти  түрк күбөлүгүнө алмаштырып же Түркиянын күбөлүгүн алууга туура келет.

Түркия айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктоо үчүн Кыргызстанга суроо-талап жөнөтөт. Мөөнөтү орточо эсеп менен — 3-8 жума, кээде 2-3 айга чейин созулушу мүмкүн.

Жашаган жерге жеткирүү 3-10 күндүн ичинде ишке ашат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *