Азия чемпионаты: Бүгүн килемге кыз-келиндер күрөшү боюнча 5 спортчу чыгат

Азия чемпионаты: Бүгүн килемге кыз-келиндер күрөшү боюнча 5 спортчу чыгат


2

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.

Бүгүн, 9-апрелде мелдештин төртүнчү күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын балбандары:

  • 53 кг — Азиза Келдибекова;
  • 57 кг — Танчолпон Кыбалбекова;
  • 62 кг — Дилназ Сазанова;
  • 65 кг — Гулнура Таштанбекова;
  • 72 кг — Нурзат Нуртаева.

Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат. Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *