Социалдык тармактарда автоээнбаштык жасагандар өспүрүмдөр экени аныкталды

Социалдык тармактарда автоээнбаштык жасагандар өспүрүмдөр экени аныкталды


2

Instagram социалдык тармагында жарыяланган видеоматериал боюнча Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Интернет булактарында BMW жана Lada Priora үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, автоээнбаштык аракеттерди жасап, башка жол кыймылынын катышуучуларына кооптуу жагдайларды жараткан видеосу тараган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан аталган автоунаалар аныкталды. Айдоочулар жашы жете электер экени белгилүү болду. Ушуга байланыштуу алардын ата-энелерине карата тиешелүү укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *