Таласта маска кийип алып мал уурдаган 45 жаштагы киши кармалды
10
Таласта маска кийип алып мал уурдаган 45 жаштагы киши кармалды.
Милиция анын ушуга окшогон бир нече кылмышка шектелип жатканын билдирди. Кармалган учурда анын жанынан бычак, маска жана “перцовый балон” табылган.
2-февралда кылмыш иши козголуп, шектүү качып кеткендиктен издөө жарыяланган.