Бишкек-Ош автожолу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош автожолу убактылуу жабылды


36

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош автожолунун 224 чакырымында Ала–Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Кошумча маалымат берилет.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *